Kategoriler
Kabar

Бүгүн өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырылат

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда республиканын жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз чагылдыруу саат 15:00дө башталат.

Kategoriler
Kabar

2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу Ташкент шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XV форумунун алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, Озодбек Назарбеков эл аралык байланыштарды чыңдоодо маданий дипломатиянын маанилүү ролун баса белгиледи. Бул контекстте биргелешип узак мөөнөттүү стратегиялык программаны иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана эки элдин маданий алакасын салттуу түрдө улантуу сунуштады.

Өз кезегинде Чыңгыз Эсенгул уулу мамлекеттер аралык саясий, экономикалык жана башка кырдаалдарга карабастан, маданият чөйрөсү ар дайым өз алдынча жана үзгүлтүксүз болушу керек. Маданий байланыштар эки өлкөнүн ортосундагы негизги көпүрө жана алар ар дайым өнүгүп, өсүп турушу керектигин белгиледи. Ошондой эле, Чыңгыз Эсенгул уулу 2023-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөөрүн айтып, кыргыз маданиятынын мыкты үлгүлөрүн көрсөтүүгө даярдыктар көрүлөөрүн маалымдады.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул мааракелик датага карата маданият күндөрүн паритеттик негизде өткөрүү пландалууда. Борбор шаарлар маданий иш-чараларга бай экенин эске алып, өз ара макулдашуу боюнча Кыргызстандын маданият күндөрүн Ташкент, Хорезм жана Жизак облустарында өткөрүү чечими кабыл алынды. Алдын ала маалымат боюнча программага Улуттук “Манас” театрынын гастролу да кирет.

Kategoriler
Kabar

ЕЭК кеңешинин 2022-жылдагы жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин 2022-жылдагы жыйынтыктоочу кеңешмеси Москва шаарында (Россия Федерациясы) министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө күн тартибиндеги 33 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Тактап айтканда, “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге (III Чоң протоколдун долбоору) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору жөнүндө” буйругу жактырылды. Протоколдун долбоору укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды четтетүүгө, интеграциялык бирикменин органдарына бир катар ыйгарым укуктарды берүүгө, колдонулган терминологияны тактоого, ошондой эле Биримдиктин 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарында белгиленген чараларды ишке ашырууга багытталган. Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколдун долбоору кол коюу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик процедураларды жүргүзүүгө жөнөтүлгөн.

Кеңеш ошондой эле Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелерине ылайык медициналык багыттагы буюмдарды каттоого өтүүнү камсыздоо боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Иш-чаралар планы 2026-жылдын 1-январынан тартып медициналык багыттагы буюмдарды бир гана Союздун мыйзамдары боюнча каттоого өтүүнү камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар үчүн товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. СТ-1 сертификатынын негизинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрине киргизилген товарлардын тизмеси товарлардын дагы 81 түрү менен толукталды.

Маалыматтык технологияларды колдонуу менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуунун макулдашылган механизмдерин аныктоо жөнүндө баяндама каралды жана Автотранспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана башка техника түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формасын киргизүү жөнүнүдө макулдашуну ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук режимден бошотууларды белгилөө жөнүндө актыларды кабыл алуу жөнүндө Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин билдирүүлөрүн Комиссиянын кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Түзөтүүлөр былтыр бекитилген алып салууларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча Жол картасын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин биргелешкен программаларын жана долбоорлорун каржылоо механизмдери боюнча сунуштар каралып, мамлекеттик сатып алуулар жаатында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Отурумда 2023-жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын күн тартибинин долбоору бекитилди.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны 2023-жылдын январь айында Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтөт.

Kategoriler
Kabar

БАЭнын Masdar компаниясы Кыргызстанда күн электр станциясын курат. Документке кол коюлду

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) өкмөтүнө таандык инвестициялык Masdar компаниясы Кыргызстанда кубаттуулугу 200 мегаватты түзгөн күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция курат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Абу Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында кол коюлду.

“Документке Кыргызстан тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Мasdar компаниясынын башкы аткаруучусу Мохамед Жамил Аль Рамахи кол койду”, – деп айтылат маалыматта.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, келишимдин негизги максаты элди электр энергиясы менен камсыз кылуу жана күндүн нурунан алынуучу электр энергиясын өнүктүрүү. Тактап айтканда, жашыл энергетикага болгон кадамдар. Ал үчүн Кыргызстандагы күн жакшы тийген жер тилкесин чечип алуу зарыл.

“Ибраев Кыргызстандагы күндөн, шамалдан энергетиканы өндүрүүнүн жолдору боюнча кылган презентациясынан улам, Masdar компаниясынын өкүлдөрү күнгө ылайыктуу Ысык-Көл жергесинен, Токтогул ГЭСнин тегерегинен жана Бакенден облусунан жер сураган”, – деп айтылат маалыматта.

Түзүлгөн келишимдин негизинде 4 ай Masdar компаниясы изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт.

План боюнча станция 2025-жылы эксплуатацияга берилет.

Инвестор катары Masdar компаниясы 200 МВтка 180 млн доллар, андан ары 1 млрд долларга чейин салым кошот.

Kategoriler
Kabar

2023-жылы Кыргызстанга Россиядан жаңы МИ-8 МТВ тик учагы келет — Жапаров

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанга Россиядан жаңы МИ-8 МТВ тик учагы келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.

“Аскердик тик учактарыбыздын баарын оңдодук. Кудай буюрса, Россиядан 2023-жылы дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз”, – деди өлкө башчы.

Жапаров ошондой эле ӨКМге жаңы сатып алынган тик учак боюнча комментарий берди.

“Тик учак өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн эле эмес, мамлекетибизге кандай кырдаалдардарда керек боло турган болсо, ошондой учурларга дагы колдонулат деп турабыз. Маселен, тез жардам үчүн керек болуп калса, тез жардам катары колдонобуз. Бизде бай бизнесмендерибиз көп. Алар ижарага алып, мамлекеттин булуң-бурчуна учса болот. Чет өлкөдөн келген туристтер же өзүбүздүн жарандар деле ижарага алып, учса болот. Ошондо тик учак өзүн-өзү тез актайт. Биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой-жүгүртүүдөн кетишибиз керек”, – дейт президент.

Kategoriler
Kabar

Марипов Сауд Аравия ТИМнин Азия өлкөлөрү департаментинин директору менен жолугушту

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Тышкы иштер министрлигинин Азия өлкөлөрү департаментинин жаңы дайындалган башкы директору Мухаммад Алматрафи менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, маектештер эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектринин учурдагы абалын, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушууда эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулуп, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар 2022-жылы эки өлкөнүн борборлорунда болуп өткөн ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды, өзгөчө тышкы иштер министрлеринин өз ара расмий сапарларын, ТИМдер аралык саясий кеңешмелерин, парламенттер аралык достук топторунун сапарларын, Кыргыз-Сауд бизнес форумун, кыргыз товарларынын көргөзмө-жарманкесин, биргелешкен Кыргыз-Сауд кызматташтык комитетинин 3-жыйынын, ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган башка эки тараптуу иш-чараларды канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун соңунда элчи У.Марипов менен М.Алматрафи тыгыз макулдашылган бирдиктүү ишти улантууну, ошондой эле алдыдагы бийик деңгээлдеги сапарлардын алкагында кол коюуга пландаштырылып жаткан түрдүү тармактардагы документтердин долбоорлорун илгерилетүүнү макулдашышты.

Kategoriler
Kabar

Министрлер кабинети жана БУУнун ДАТП Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргыз Республикасындагы БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өлкөлүк директору Кожиро Накай 2023-2027-жылдарга карата БУУ ДАТПнын Өлкөнүн жаңы стратегиялык планын (ӨСП) ишке ашыруу боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

«Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын келерки беш жылга карай өлкөлүк стратегиялык планы Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттарга жана милдеттерге шайкеш келет. Министрлер Кабинети, бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Меморандумга ылайык, долбоорлорду жеринде ишке ашырууда өз убагында административдик жана материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтөт деп ишендирип кетким келет», — деди Эдил Байсалов.

Kategoriler
Kabar

Ташкентте КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллектуалдарынын XV форуму өтүүдө

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Ташкентте КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллектуалдарынын XV форуму өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандан бул форумга маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баштаган чыгармачыл жана илимий чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышууда.

Форум эки күнгө уланып, «Гуманитардык кызматташтык жана отуз жылдагы тажрыйба жана өнүгүү келечеги темасына арналууда.

Форумдун расмий ачылышында Чыңгыз Эсенгул уулу чыгып сүйлөп, маданий-гуманитардык жаатта эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык маанилүү экендигин белгилеп, дүйнө коомчулугу бир катар экономикалык, саясий жана социалдык кайра курууларды башынан өткөрүп жатканда бул контекстте маданияттар аралык диалогдун жана интеграциянын ролу анын туруктуу өнүгүү процессин камсыздоо үчүн маанилүү иш-чара экенин белгилеп өттү.

Ошондой эле ал форум он бешинчи жолу чогулуп жатканын айтып, бул убакыттын ичинде форум өзүнүн актуалдуулугун далилдеп, КМШ коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосундагы мазмундуу диалог үчүн абройлуу аянтча экенине токтолуп, кызматташтыктын негизги темалары боюнча жана интеграциялык процесстерге жакшы түрткү берет деп белгиледи.

Мындан сырткары, ал коомдун стабилдүүлүгүн сактоо, мыкты салттардын уландысы жана анын эффективдүүлүгү, жаңыны кабыл алуучу жана аны өнүктүрүүдөгү уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар мындай форум салтын бузбай он бешинчи ирет өтүп жатышы, бул анын келечегине кенен экендигин тастыктарын кошумчалады.

Чыңгыз Эсенгул уулу ошондой эле, маданият, илим жана билим берүү, адабият жана жаштар тармагы боюнча өтө турган маанилүү иш чарага келген бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан мындай маанилүү жана жемиштүү кызматташууга кызыкдар экендигин айтып, сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, форумга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларусь Республикасы, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда.

Kategoriler
Kabar

Каракол шаары КМШнын маданий борборунун эстафетасын Санкт-Петербургга тапшырды

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Ташкентте өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллектуалдарынын XV форумунда Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова Каракол КМШнын маданий борборунун эстафетасын Санкт-Петербург шаарынын жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Гулназ Орозова өз сөзүндө 2022-жылдын ичинде Каракол шаарында 20дан ашык ар кандай маданий иш-чаралар, чыгармачылык жолугушуулар, сынактар жана КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү эстрада жана классикалык аткаруучуларынын гастролдору өткөнүн баса белгилеп, жыл жемиштүү жыйынтыкталганын айтып, мындан ары маданий борбордун сапары байсалдуу болсун деп билдирди.

Ал эми, Санкт-Петербург шаары маданий борбор катары учурда даярдыктарды көрүп жатканын белгилеп, шаар турмушу жана маданий баалуулуктарга токтолуп, шаар тууралуу кыска видео баян сунуштады.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Каракол шаары КМШнын маданий борбору макамын алган.

Kategoriler
Kabar

Кыргызстан экинчи жаңы Airbus H145 тик учагын сатып алды. Президент сыноодон өткөрдү

Бишкек, 12.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-декабрда, Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Республикалык бюджеттин эсебинен Германия Федеративдүү Республикасында сатылып алынган жаңы тик учак КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү.

Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган.

Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышат. Бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөт.

Airbus H145 тик учагын сыноо учурунда Мамлекет башчысы учурдагы реалдуулук адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу жабдууларга жана каражаттарга ээ болуу зарылдыгын көрсөтүп жатканын баса белгиледи. Заманбап техникка жардам берет жана тез реакция кылууга өбөлгө түзөт.

Келерки жылы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин макулдашуусунун алкагында өлкөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жаңы МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак гранттык негизде келет деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тик учактарын капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Муну менен Кыргызстанда вертолеттук авиация тармагынын өсүүсү уланууда.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-чаралары муну менен эле токтоп калбай, бул багыттагы иштер улантыла турганын билдирди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын августунда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылган, анын ичинде төрт жүргүнчү орунга эсептелген Airbus H-125 дагы.