Рубрики
Uncategorized

Жээнбек Кулубаев АКШ элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигериден ишеним грамотасынын көчүрмөлөрүн тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев элчи Вигерини кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелердин мындан ары активдешүүсүнө ишенимин билдирди. АКШнын Элчиси өз кезегинде Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого даярдыгы тууралуу маалымдады.

Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында да, аймактык платформаларда да, анын ичинде “Борбордук Азия+АКШ” форматындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкууланды.

Тараптар ошондой эле аймактык коопсуздук жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерине токтолушту.

Кулубаев КР ТИМи элчиге өзүнүн дипломатиялык миссиясын аткарууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экениндигине ишендирип, эки тарапка тең пайдалуу кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөдөгү жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Рубрики
Uncategorized

Пакистанда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Пакистанда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги тарабынан маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоо, ошондой эле эки тараптуу туризмди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Лахор шаарында Пакистан өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган экинчи масштабдуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев, Лахор университетинин төрагасы Авайс Рауф, Кыргызстандан чакырылган туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана искусство ишмерлери, ошондой эле Пакистандын маданият жана туризм секторлору, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанды Пакистандын коомчулугуна таанытуу максатында катышуучуларга билим берүү жана туризм мүмкүнчүлүктөрү жана КР менен кызматташуунун артыкчылыктары тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Мындан тышкары, кыргыз артисттери улуттук музыкалык номерлерин элге тартуулашты.

Рубрики
Uncategorized

В Бишкеке проходит международная конференция, приуроченная к 20-летию Института омбудсмена КР

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. В Бишкеке начала свою работу международная научно-практическая конференция «Роль Института Омбудсмена в защите прав человека», приуроченная к 20-летию Института Акыйкатчы (омбудсмена ) КР.

На мероприятии принимают участие вице спикер Жогорку Кенеша Нурланбек Азыгалиев, заместитель председателя администрации президента Эдиль Байсалов, омбудсмен Атыр Абдрахматова, а также уполномоченные лица по правам человека России, Казахстана, Турции, Азербайджана и другие.

От имени Жогорку Кенеша институт Акыйкатчы поздравил вице-спикер Нурланбек Азыгалиев. В своем выступлении он отметил важную роль Института омбудсмена в Кыргызстане и подчеркнул, что справедливость и сохранность прав человека ведут к развитию.

«Наш народ испокон веков главной основой общества чтит справедливость и правду. Человек, может жить счастливо и в полной безопасности только в том обществе, где есть порядок, сохранность прав и свобод человека. Роль Института омбудсмена важна не только в развитии одного отдельного государства, а в целом всего мира. В этой связи, хочу пожелать вам успехов в работе на пути развития демократии и прав человека в Кыргызстане», – сказал он.

В свою очередь, заместитель председателя кабинета министров Эдиль Байсалов передал слова поздравления от имени президента Садыра Жапарова участникам конференции.

«В какой-то момент Институт омбудсмена начал превращаться в почтовый ящик для жалоб граждан, но со временем Институт начал развиваться. Мы в данное время ведем работу по увеличению возможностей института, делаем ряд работ, чтобы институт стал еще больше независимым. Сейчас омбудсмен – Атыр Абдрахматова. Она первая женщина омбудсмен в истории Кыргызстана. Надеюсь, мы вместе достигнем всех намеченных целей и сделаем ощутимый вклад в развитие демократии в Кыргызстане», – сказал он.

В свою очередь, в своем выступлении омбудсмен Атыр Абдрахматова остановилась на предыстории создания института омбудсмена в стране, его достижениях и намеченных целей.

В рамках научно-практической конференции ожидается ряд тематических обсуждений, панельных встреч и обмен мнениями.

Рубрики
Uncategorized

Төрага Шакиев баштаган ЖК делегациясы Самаркандда КМШ ПААнын жыйынына катышат

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына жөнөп кетти.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш сапардын алкагында төрага Шакиев КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышып, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Ошондой эле иш-чаранын программасында КМШ ПААнын 54-пленардык жыйыны, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Туруктуу комиссияларынын отуруму, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу аземи камтылган.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар.

Рубрики
Azertag Rus Uncategorized

Азербайджанские шахматисты впервые в истории завоевали сразу две золотые медали чемпионата мира

Баку, 23 октября, АЗЕРТАДЖ

На итальянском острове Сардиния завершился чемпионат мира по шахматам среди молодежи (U-20).

Как сообщает АЗЕРТАДЖ, на соревнованиях среди девушек азербайджанская шахматистка Говхар Бейдуллаева в последнем, XI туре встретилась с представительницей Казахстана Лией Курмангалиевой. Игра завершилась победой представительницы Казахстана. Для Говхар Бейдуллаевой, обеспечившей чемпионство в предыдущих турах, встреча носила формальный характер.

Представительница Азербайджана Ляман Гаджиева в последнем туре проиграла спортсменке из Словении Ур Зале и завершила чемпионат на 10-м месте с 7 очками.

Последний тур был сыгран и в соревнованиях среди юношей. Здесь встретились два представителя Азербайджана – Абдулла Гадимбейли и Мухаммед Мурадлы. Встреча завершилась вничью. Благодаря этому результату Гадимбейли довел свои очки до 8, а Мурадлы – до 7,5. Ввиду проигрыша венгра Адама Козака, до этого тура лидирующего с 8 очками, индийцу Люку Лаону Мендонке, по дополнительным коэффициентам Абдулла Гадимбейли стал чемпионом мира.

Таким образом, впервые в истории азербайджанских шахмат наши представители вернулись на родину с двумя золотыми медалями чемпионата мира.

Рубрики
Uncategorized

В КР планируют утвердить Концепцию развития исламской экономической платформы

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Министерство экономики и коммерции выносит на общественное обсуждение проект постановления кабмина «Об утверждении Концепции развития исламской экономической платформы в Кыргызской Республике на 2022-2027 годы».

Как сообщается в документе, проект разработан в целях обеспечения ускоренного роста через достижение устойчивого и эффективного функционирования секторов исламской экономики и финансов, удовлетворяющих потребностям реального сектора экономики и населения страны в получении услуг и продукции исламской экономики и финансов в условиях конкурентной среды.

Исламская экономика и ее финансы сегодня признана как быстрорастущая индустрия, которая занимает все более важное место в мировой экономике.

Для достижения поставленной цели необходимо решить следующие задачи:

– Систематизация исламской экономики и финансов

– Повышение осведомленности и подготовка кадров

– Систематизация, идентификация халяль-индустрии и содействие дальнейшему ее развитию.

– Укрепление исламского финансового сектора

– Запуск исламских ценных бумаг (сукук) и исламского страхования (такафул)

– Укрепление системы управления в соответствии с шариатом (shariah governance framework)

– Систематизация и развитие исламского ипотечного жилищного финансирования

– Систематизация и содействие развитию исламского лизинга

– Содействие росту исламской фешн индустрии и халаль туризму

– Систематизация единой системы Зекет

Рубрики
Uncategorized

Кыргыз-казак чек арасындагы эки бекет убактылуу жабылат

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекетинде адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Чалдыбар – унаа жол» өткөрүү бекетинде бүгүн саат 11:00дөн 14:00гө чейин жана 17:00дөн 20:00гө чейин, “Чоң-Капка – унаа жол” бекетинде эртең саат 19:00дөн 21:00гө чейин адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат. Өткөрүү пункттары Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу жабылат.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт.

Эске салсак, кыргыз-казак чек арасында төмөнкү өткөрүү пункттары жайгашкан: Чүй облусунда “Токмок-унаа жол”, “Кең-Булуң – унаа жол”, “Ак-Тилек- унаа жол”, “Чалдыбар-унаа жол” пункттары, Талас облусунда – “Чоң-Капка-унаа жол” пункту.

Рубрики
Uncategorized

Керимбаева жана Раев Кыргызпатент менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТҮРКСОЙго катышкан мамлекеттердин авторлор менен аткаруучуларынын маданий байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча Кыргызпатент менен ТҮРКСОЙдун ортосундагы кызматташуунун мындан аркы пландары тууралуу кеп кылышты.

“Келечекте автордук жана чектеш укуктарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда, алар ТҮРКСОЙго катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошууга жардам бермекчи”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики
Uncategorized

Чолпон-Атада Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясынын жыйыны өттү

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Кечээ, 26-июлда Чолпон-Ата шаарында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясынын XXIV жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын атайын кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Россия менен Венгриянын атайын кызматтарынын делегациялары конференцияга байкоочу катары катышты.

Жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы жана Афганистандагы террористтик ишмердүүлүк аймагындагы учурдагы кырдаалдын контекстинде түрк мамлекеттеринде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатында атайын кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Конференциянын катышуучулары Афганистандан жана Сириянын куралдуу кагылышуу зонасынан келип чыккан жана терроризмдин жана диний экстремизмдин жайылышына байланыштуу террористтик коркунучтарды локалдаштыруу боюнча жооп кайтаруу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин макулдашты.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын президентинин түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуусу болду. Садыр Жапаров жолугушуунун катышуучуларына түрк мамлекеттеринин кызыкчылыктарына таасир этүүчү тышкы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип иштөөдө атайын кызматтардын тыгыз кызматташуусунун жана күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары тарабынан ачык диалог болуп, угулган баяндамалар боюнча пикир алмашуу болуп, анын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү чечими кабыл алынды.

Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясы 1998-жылы түзүлгөн. Анын негизги милдети эл аралык мүнөздөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында жана атайын кызматтардын ишинин макулдашылган башка багыттарында натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу болуп саналат.

Рубрики
Uncategorized

Түркиялык инвесторлор Кыргызстанда $25 млн долбоорду ишке ашырат

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Түркиялык инвесторлор Кыргызстанда 25 млн доллардык инвестициялык долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, ал Өзбекстанга иш сапары менен барган учурда Zelal Tekstil фабрикасына барган.

“Ал фабриканы түрк инвесторлору ишке ашырган экен, анда миңден ашык жумушчу орун түзүлгөн. Биз ошол эле инвесторлорду Кыргызстанга чакырдык. Азыркы учурда алар Кара-Балта килем комбинатын сатып алышты жана бизде дагы ошондой эле долбоорду ишке ашырышмакчы. Учурда аталган түрк инвесторлору “Декна Бишкек текстилди” ачышты жана келечекте 25 млн доллардык долбоорду ишке ашырышмакчы. Анда миңден ашык жумушчу орун түзүлөт”, – деди ал.

Сабиров белгилегендей, учурда инвесторлор курулуш иштери менен алектенип жатат жана жакын арада коомчулук аталган фабриканын ачылышына күбө болушмакчы.