Unnamed 1.730x400

Аида Касымалиева Ташкентте Эл аралык бизнес форумдун ачылышына катышты

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда Ташкент шаарында КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенаты жана БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан уюштурулган «Борбордук Азияда жана Афганистанда туруктуу өнүгүү үчүн аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» аттуу Эл аралык бизнес форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ошондой эле кыргыз тараптан Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов жана «Борбордук Азия аялдар лигасы» коомдук фондунун директору Асел Атабекова катышты.

Форумдун алкагында Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Танзила Нарбаева, Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасынын орун басары Саида Мирзиёева, КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, белгилүү эл аралык уюмдардын, ошондой эле Борбордук Азия жана Афганистандын өкүлдөрү саламдашуу сөздөрү менен кайрылышты.

КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева өз сөзүндө Борбордук Азияда жана Афганистанда гендердик теңчиликке жетишүү тармагында аймактык жана эл аралык кызматташуунун учурдагы көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодо, аялдардын ишкердүүлүгүнүн потенциалын жогорулатууда мындай иш-чаралардын жогорку маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы аялдардын учурдагы абалы, анын ичинде алардын бизнестеги ролу жөнүндө кыскача маалымат берип өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар аялдар бизнесин өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана ой-пикирлери менен алмашып, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес чөйрөсүндөгү кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Форум ошондой эле ишкер аялдар жетектеген ишканалардын продукцияларынын көргөзмөсүн, ишкер байланыштарды жана ишкер өнөктөштүктү орнотуу жана өнүктүрүү боюнча B2B жолугушууларын өзүнө камтыйт.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар Биргелешкен Билдирүүнү жана Борбор Азия менен Афганистандын аял-ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыктын “Жол картасын” кабыл алышты.

Белгилей кетсек, форумга катышуунун алкагында КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Танзила Нарбаева менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email