Imgl0450.730x400

Бишкекте Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин төрагалыгынын астында Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 12 – жыйыны болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн делегациясы, Кеңештин мүчөлөрү жана министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун күн тартибине Европа Биримдигинин Кыргызстан үчүн Көп жылдык индикативдик программасынын жана 2021-2027-жылдарга Борбордук Азия үчүн Аймактык индикативдик программасынын алкагындагы эки тараптуу жана регионалдык кызматташтык маселелери, ошондой эле кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу: билим берүү, социалдык коргоо, мыйзамдуулук, шайлоо тутуму, санариптештирүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика, анын ичинде COVID-19 антикризистик чаралар пакети киргизилди жана талкууланды.

Өзгөчө көңүл Евро Биримдигинин Кыргызстанда негизги программаларын ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине, биринчи кезекте бюджеттик колдоого, аймактарды өнүктүрүүгө жана санариптештирүүнү илгерилетүүгө, ошондой эле суу ресурстарын башкарууга багытталган чараларга бурулду.

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун долбооруна кол коюу үчүн даярдык иштерин аяктоо зарылдыгы белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу жана регионалдык программаларды, ошондой эле программалык жана долбоордук иш-чаралар боюнча Евро Биримдик менен кызматташтыкты чыңдоо боюнча демилгелерди илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Консультативдик кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол кабыл алынды, анда жетишилген макулдашуулар жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы программаларынын жана долбоорлорунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплекси чагылдырылды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email