Img 4246 1.730x0

КР менен Румыниянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-июнунда сылык сапардын алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов жаңыдан дайындалган Румыниянын Өзбекстандагы элчиси Даниэль Кристиан Чобану менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун башында Румыниянын Өзбекстандагы элчиси Даниэль Кристиан Чобану дипломатиялык ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берип, саясий, соода-экономикалык чөйрөдөгү румын-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалы жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде элчи Ибрагим Жунусов кыргыз-өзбек кызматташуусун өнүктүрүүдөгү негизги багыттары жөнүндө айтып, ага Өзбекстандагы жаңы дипломатиялык ишине ийгиликтерди каалады.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email