Imgl0536.730x400

Бишкектеги биргелешкен кыргыз-индия билим берүү борборун калыбына келтирүү маселеси талкууланды

Бишкек, 17.06.21 /Кабар/. 2021-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин жана Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Викас Сваруптун деңгээлинде ТИМдер аралык кыргыз-индия саясий консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Тараптар консультациялардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле консулдук кызматташуу чөйрөсүндө кеңири маселелерди талкуулашты.

Инвестицияларды тартуу, долбоорлорду гранттык каражаттардын эсебинен ишке ашыруу, “Телемедицина” долбоорун кеңейтүү, Бишкектеги биргелешкен кыргыз-индия билим берүү борборун кайра калыбына келтирүү, Кыргызстанда соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу менен эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштарды тереңдетүү зарылдыгын белгилешти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы кызматташтык маселелери да талкууланды, ошондой эле эки тарапты кызыктырган актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email