A4e81f34 17b9 44c8 Beeb 62b6ad0072a1.730x400

Кыргызстан менен БУУӨПтүн ортосундагы кызматташтыктык актуалдуу маселелери талкууланды

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүгүү программасынын (БУУӨП) Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча аймактык бюросунун директору Мирьяна Сполярич Эггер айым менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымакта ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын БУУӨП менен кызматташуусуна тиешелүү маселелерди кеңири талкуулашты.

Мирьяна Сполярич Эггер туруктуу өнүгүү жаатында Кыргызстанга колдоо көрсөтүү боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Ниязалиев Кыргызстанга дайым колдоо көрсөтүп жатканы үчүн БУУӨПкө ыраазычылык билдирүү менен бирге, учурдун приоритеттери коронавирус пандемиясынын кесепетинен пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү, туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү, ирригациялык инфратүзүмдү оңдоо, жакырчылыкты жоюу, Баткен облусунда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, тышкы карызды туруктуу өнүгүү жаатындагы долбоорлорго алмаштыруу, глобалдык жылуулуктун кесепеттерине каршы күрөшүү жана аларды жеңилдетүү, “жашыл” технологияларды жана энергетиканы өнүктүрүү, мөңгүлөрдү сактоо ж.б. болуп саналарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүлөрдү жумушчу деңгээлде улантууну макулдашышты жана мындан аркы жемиштүү, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташууга ишеничин билдиришти.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email