201365394 4039779919392121 7577951179471441087 N.730x400

“Ак шумкарлар” Япониядан Бишкекке учуп келишти — сүрөт

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын айрым футболчулары Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, калган футболчулары чет жактагы өздөрү ойноп жаткан клубдарына учуп кетишти.

Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн тандап алуу турунун алкагында бир катар беттеш өткөргөн. Кыргыз футболчулар F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан.

Бирок курама команда тайпада 10 упайы менен үчүнчү орунга илинип, Дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо туруна өтпөй калган.

Жакынкы күндөрү 2023-жылы боло турган Азия кубогундагы командалар арасында чучукулак кармоо болуп, Кыргызстандын курамасынын атаандаштары белгилүү болот.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email