20140813200404

Ахматбек Келдибеков:Түркия Кыргызстандын 51 миллион доллар карызын кечти

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. Түркияда расмий иш сапар менен жүргөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков Түркия Премьер-министри Режеп Тайып Эрдогоган менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты.
Жолугушуу жүрүшүндө Эрдоган мырза Түркия тарап Кыргызстандын 51 млн АКШ доллары көлөмүндөгү карызын толугу менен биротоло кечкендиги тууралуу билдирди. Анын айтымына караганда, чечим кабыл алынды, аны мыйзамдаштыруу иштери гана калды.
Андан сырткары, Ахматбек Келдибеков Түркия сындуу эле Кыргызстан да мамлекеттик бийликтин парламенттик башкаруу таризин тандап алгандыгын, ошондуктан тили жана дили окшош боордош эл менен алаканы арттыруу зарылчылыгы бар экендигин баса белгиледи.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email