Ниязалиев БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыктын жетекчиси менен жолукту

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезневду кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы учурдагы долбоорлорун ишке ашырууну, ошондой эле баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУ БКБнын орто мөөнөттүү программаларынын – Борбордук Азия мамлекеттери үчүн БУУ БКБнын программасы жана Афганистан жана коңшу өлкөлөр үчүн Регионалдык программасынын алкагында кызматташуу маселелери да каралды.

Атап айтканда, консультациялардын жана программанын жетектөөчү комитетинин жыйынынын жүрүшүндө белгиленген, өлкөнүн улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен Борбордук Азия мамлекеттери үчүн БУУ БКБнын жаңы программасын иштеп чыгууга жана кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email