Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер 3-апрелден тарта убактылуу жабылат

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайдын “Цинмин” салттуу майрамынын майрамдалышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 3-апрелден 5-апрелге чейин убактылуу жабылат.

“Унаалардын жана товарлардын өтүүсүнө 6-апрелден баштап уруксат берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери атайын алгоритм менен иштөөдө. Бекет аркылуу Кытайдан Кыргызстанга бир гана товарлар өтүүдө.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email