Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок баштаган парламенттик делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы Үркүн улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналып тургузулган мемориалдык эстеликке гүлчамбар коюшту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, делегацияны Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов коштоп барды.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email