Кикбоксинг боюнча спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 4 медаль жеңишти

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын8-11-апрель күндөрү Анталия шаарында (Түркия) өткөн «Turkish Open Kickboxing European Cup» 6 эл аралык мелдеште Кыргызстандын кикбоксинг боюнча спортчулары 3 алтын жана 1 коло жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдештин алтын медалын Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө Кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана юниорлор арасында 51 кг чейинки салмактык категорияда Марат Мусаев тагынышты. Ал эми коло байгенин ээси болуп Ахрор Розбаев таанылды.

Белгилей кетсек, мелдешке 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышышты.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email