2021050310130415.730x0

Нураида Анаркулова лицензиялык дүйнө мелдешине катышат

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Нураида Анаркулова 5-10-май күндөрү София шаарында (Болгария) өтө турган лицензиялык дүйнө мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчуну башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу 4-майдан 10-майга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан София шаарына жөнөтүлөт.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email