Mk1 9881.730x400

Элчи Өмүралиев Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзунун президенти менен жолукту

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Кечээ, 3-майда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзунун президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана уюшкан өнөр жай зоналарынын мыйзамдарын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашуу, электромобилдерди чыгаруу, катуу таштандыларды кайра иштетүү, бажыны модернизациялоо, Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасын реформалоо жана башка маселелерди талкуулашты.

Хисаржыклыоглу жакын арада Кыргызстанга иш сапар менен барууну көздөп жатканын айтты.

Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 2021-жылдын июль айында Ысык-Көл облусунда өтүүчү 10-жыйынынын алкагында кыргыз-түрк бизнес форумуна түрк ишкерлеринин катышуусу жөнүндө макулдашышты.

Маалымат үчүн: Түркиянын Соода палаталар жана товардык биржалар союзу өлкөдөгү пайда алууну көздөбөгөн жана өкмөттүк органдарда жеке сектордун кызыкчылыктарын коргогон эң чоң бей өкмөттүк уюм. Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык, Түркиянын палаталарында жана биржаларында мүчө болуу бул милдет.

Учурда 365 аймактык соода, өнөр жай, деңиз палаталары жана товардык биржалары мүчөсү болуп, алардын алкагында 1,5 млн ашык түрк компаниялары иштейт.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email