Kategoriler
Kabar

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны бир жумада 1,5 эсеге өстү

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 5нен 11-декабрга чейинки аралыкта курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун 14 миң 78 учуру (КРВИ – 13 миң 993, сасык тумоо – 85 учур) катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн. Ооругандардын жалпы санынын 68,7 пайызын 14 жашка чейинки (9 миң 669 учур) балдар түзөт.

Kategoriler
Kabar

Бишкек менен Екатеринбург боордош шаарлар болушту

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. “Глобалдык жибек жолу. Губернаторлордун жана шаар мэрлеринин форуму” тегерек столунун алкагында Екатеринбург менен Бишкек шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, документке Екатеринбургдун башчысы Алексей Орлов менен Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол коюшту.

Макулдашуунун максаты – эки шаардын тургундарынын кызыкчылыгы үчүн тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, илимий-техникалык, билим берүү, маданий-гуманитардык жана экономикалык тармактарда кеңири, ачык жана адилет кызматташууга көмөктөшүү болуп саналат.

Тегерек столдун өзү Бишкек инвестициялык саммитинин алкагында өттү.

Kategoriler
Kabar

2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалык кылуу Россияга өттү

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. 2023-жылы Евразия экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Россия Федерациясына өттү. Бул тууралуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын жыйынтыгында президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысы төрагалык кылууну кабыл алып жаткан Россияга интеграцияны өнүктүрүү, дүйнө экономикасында Евразиялык экономикалык биримдиктин ишин илгерилетүү боюнча жооптуу миссиясына ийгиликтерди каалайм.

“Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, боордош Россия тарапка келерки жылы биримдикке төрагалык кылуу ишмердигинин ийгиликтүү болушун каалайм, мындай жооптуу ишмердик үчүн кыргыз тараптын ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирем”, – деди Садыр Жапаров.

Kategoriler
Kabar

Бишкектеги ЖЕЭК жыйыны – күн тартибинде 17 маселе каралат

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 9-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралат:

– Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери жөнүндө;
-Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоо жөнүндө;
-Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал жөнүндө;
-Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө;
-2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;
-2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө;

2023-жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде төрагалык кылуучу мамлекет тарабынан Россиянын аныктамасын караган Жогорку Кеңештин чечимин кабыл алуу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Россиянын президенти Владимир Путин жана Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Бишкекке келди.

Андан тышкары, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын келери күтүлүүдө. Ошондой эле жыйындын ишине катышуу үчүн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет.

Kategoriler
Kabar

ЕЭК менен Кыргыз экономикалык университети кызматташуу программасына кол койду

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз экономикалык университетинде өткөн «Жаңы экономикалык чакырыктардын шартында илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизи катары: тенденциялар жана өнүгүү келечеги» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, көптөгөн өнүккөн өлкөлөр адамдык капиталга инвестиция салуу жана илимий изилдөөлөрдүн жана технологиялык иштеп чыгуулардын деңгээлин көтөрүү менен илимий-техникалык прогресске жетише алды.

«Биз Евразиялык экономикалык биримдикти жалпы интеграциянын гана эмес, инновациялык процесстин негизги бөлүктөрүнүн бири катары карайбыз. Инновациялык процесстердин, илимий билимдер, жаңы технологиялар, продукциялар жана кызмат көрсөтүүлөр системасы учурда экономикалык өсүштүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун моделинин негизи болууга тийиш. Анын экономикасынын инновациялык өнүгүү жолуна токтоосуз өтүүсү инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүүнү, тийиштүү илимий-техникалык потенциалды жана зарыл платформаны түзүүнү талап кылат, анын негизинде бул өтүү жолу камсыздалат», – деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары кошумчалагандай, буга байланыштуу артыкчылыктуу милдет болуп Биримдиктин бирдиктүү инновациялык тутумун, же инновациялык экосистемасын түзүү саналат, ал Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бириккен инновациялык борборлорунун базасында илимий билимдерди өндүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүнө трансформациялоого катышкан институттардын жыйындысы болуп саналат.

«Быйыл Бишкекте өткөн биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында Евразиялык тармактык университетти түзүү боюнча Меморандумга кол коюлган. Тармактык университетти түзүү илим-билим берүү окуу жайлардын базасында квалификациялуу кадрларды, илимпоздорду, изилдөөчүлөрдү калыптандырууга мүмкүндүк берет», – деди ал.

Конференциянын алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргыз экономикалык университетинин 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.

Мындан тышкары, ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичке «Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Kategoriler
Kabar

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Кыргызстанга келди

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа бүгүн, 8-декабрда, иш сапары менен Кыргызстанга келди. Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү пландалууда.

Kategoriler
Kabar

2023-жылы КМШнын маданий борбору Санкт-Петербург шаары болмокчу

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. “Каракол шаары – 2022-жылы шериктештиктин маданий борбору” долбоору жабылып, Санкт-Петербург шаарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекет башчыларынын 2020-жылдын 18-декабрындагы чечими менен “Каракол шаары – 2022-жылы шериктештиктин маданий борбору” болуп жарыяланган.

“Шериктештиктин маданий борбору” эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып, мүчө-мамлекеттер ар жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап келет.

“Ал эми мындай статуска татыктуу болуп, ошол эле учурда Кыргызстандын жалпы элин жана дүйнөлүк конокторду кучагына алган Каракол шаары үчүн “Шериктештиктин маданий борбору” болуу мүмкүнчүлүгү биринчиден чоң сыймык. Экинчиден шаардын бай тарыхын, өзгөчө маданиятын, көп улуттуулугун, социалдык жана коомдук абалынын өнүгүшүн тегиз ачып берүү, жашоочуларыбыз жана туризм тармагына агылган меймандарыбыз үчүн жакшы шарттарды түзүү чоң жоопкерчилик”, – деди президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Илияз Иманбетов.

Соңунда “Каракол шаары – 2022-жылы КМШнын маданий борбору” долбоорунун кийинки эстафетасы Санкт-Петербург шаарына узатылды.

Kategoriler
Kabar

Америкалык Boeing компаниясынын жетекчилиги Кыргызстанга келет

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев Boeing компаниясынын вице-президенти Монти Фрейзер жана аталган компаниясынын Евразия боюнча директору Марио Эбчим менен жолугушту.

АКШдагы КР элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору талкууланды.

Элчи Аманбаев Кыргызстандын жарандык авиациясын ар тараптуу өнүктүрүү президент Садыр Жапаровдун министрлер кабинетинин алдына койгон эң башкы маанилүү тапшырмаларынын бири экендигин баса белгилеп, кыргыз авиациясын өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

“Бакыт Аманбаев Кыргызстандын Евразия континентинин чок ортосунда, Борбор Азиянын жүрөгүндөгү аябай ыңгайлуу географиялык точкада жайгашкандыгын айтып, келечекте Кыргызстан түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты байланыштырган жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу бирден бир борборго айлануу мүмкүнчүлүгү бар экендигин жана ушул багытта кызматташууну жакшыртууга чакырды”, – деп айтылат маалыматта.

Америкалык тарап Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин билдиришти. Натыйжада, Boeing компаниясынын Евразия боюнча директору Марио Эбчим ушул жылдын декабрь айынын соңунда иш сапары менен Кыргызстанга барарын убада кылып, иш сапары жемиштүү болсо, келерки жылдын башында Boeing компаниясынын жогорку деңгээлдеги жетекчилеринин Кыргызстанга иш сапары менен барары макулдашылды.

Kategoriler
Kabar

КР жарандары үчүн АКШнын туристтик визасын 10 жылга чейин узартуу талкууланды

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. 3-декабрда Чикагодо Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Брайан Стиммлер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар АКШда Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселесин, консулдук ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде туристтик визалардын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга чейин узартуу, ошондой эле АКШнын Бишкектеги элчилигинде АКШ визасы үчүн маектешүүнүн күнүмдүк өтүмдүүлүгүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Белгиленгендей, жолугушуу ачык, конструктивдик жана достук маанайда өттү.

Эске салсак, Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштаган: 100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610. Телефон: 312 994 2416, 312 929 3442 (өзгөчө кырдаалдарда 24/7) Email: [email protected]

Kategoriler
Kabar

Жапаров менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев бүгүн, 6-декабрда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Өзбек лидери ошондой эле, Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров туулган күнү менен жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхында жаркын окуя болуп калаарына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчылары Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын ушул жылдын декабрь айында өткөрүүнү макулдашты.

Эки тарап Бишкекте пландаштырылган иш-чаралар кыргыз-өзбек кызматташтыгын эки мамлекетти бирдей кызыктырган бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө түрткү берип, мамлекеттердин биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн жаңы деңгээлге чыгараарына ишенимин билдиришти.