TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
А.Келдибеков: «Кыргызстан бюджетинин таңсыктыгын жабуу үчүн Түркия 10 млн. доллар гранттык каражат бөлүүдө»



Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/.
Түркияда расмий иш сапар менен жүргөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков Кыргызстан бюджетинин тартыштыгын жабуу максатында 10 млн АКШ доллары көлөмүндө гранттык каражат бөлүп бергендигин билдирди. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка караганда бул кабар Түркия Премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканда белгилүү болду. 

Ошону менен бирге, Эрдоган мырза Түркия тарап Кыргызстандын 51 млн доллар карызын биротоло кечкендигин да кабарлаган.
 
Анкарада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык маарекеси белгиленди

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. 26-сентябрда Түркияда расмий иш сапар менен жүргөн Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ахматбек Келдибековдун демилгеси менен Анкара шаарынын Свистотел отелинде Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 20 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу кече өттү. Ишчарага Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Жамил Чичек баш болгон парламент жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү, элчилер катышты. 

Ишчара жүрүшүндө Ахматбек Келдибеков Түркия Кыргызстандын көзкарандысыздыгын тааныган эң алгачкы мамлекет экендигин баса белгиледи. Өткөн 20 жыл аралыгында эки боордош өлкө ортосундагы өзара байланыш кадыресе калыптанып калды. Кызматташтыктын артышына салым кошкондугу үчүн маареке меймандарына ыраазычылык билдирүү менен, алардын ар бирине эстелик белек-бечкегин тапшырды.

 
Түркиянын жогорку окуу жайы А.Келдибековго "Ардактуу профессор" наамын ыйгарды



Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/.
Бүгүн, 27-сентябрда Түркияда расмий иш сапар менен жүргөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков жетектеген кыргыз парламентинин делегациясы Түркиянын Йовгат облусунун губернатору Низат Сентюр менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу багытында пикир алышты. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Губернатор мырза эгерде Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы парламенттик алакалар бекемделе турган болсо, анда аткаруу бийликтеринин ортосундагы байланыш арта тургандыгын баса белгиледи. «Өзгөчө эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланышты бекемдеп, алардын иштешине жагымдуу шарт түзүп берүүгө тийишпиз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жакындан кызматташуусун арттырууга өзгөчө көңүл бурушубуз керек»-дейт ал.

Ахматбек Келдибеков парламенттик делегацияны жылуу кабыл алып, боордоштук ымала көрсөткөндүгү үчүн губернатор Низат Сентюр мырзага ыраазычылык билдирди. Жолугушуу соңунда Төрага Ардактуу меймандар китебине өз колтамгасын калтырды.

Ошол эле күнү кыргыз парламентинин делегация мүчөлөрү Йовгат шаарындагы Бозок университетинде болуп, жогорку окуу жайынын усулдук жана техникалык базасы менен таанышты. Ошондой эле, делегация Бозок университетинде окуган студенттер, анын ичинде анда билим алып жаткан кыргыз жаштары менен да жолугушуп, алардын окуусунда ийгиликтерди каалоо менен бирге, алардын өз өлкөсүнө кайтып келип, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуу тилегин билдирди.

Бозок университет жетекчилигинин чечими менен Жогорку Кеңеш Төрагасы Ахматбек Келдибековго Ардактуу профессор ардактуу наамы ыйгарылды.
 
Жогорку Кеңеш Төрагасы А.Келдибеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ж.Чичек менен жолугушту



Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/.
26-сентябрда Түркияда расмий иш сапары менен жүргөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Ахматбек Келдибеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Жемил Чичек менен жолугушуп, сүйлөшүү жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу жөнүндөгү Меморандумга кол коюлду. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жамил Чичек мырзанын айтымына караганда, Кыргызстан боордош өлкө болгондуктан, андагы окуялардын жүрүшүнө такай көз салып турат.«Биз Кыргызстандагы коомдук-саясий кайра курумдардын ийгиликтүү жүрүп жаткандыгына кубанып жатабыз. Ошондуктан, баардык жагынан кыргыз туугандарыбызга колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Парламенттик башкаруу таризи Түркияда 60 жылдан бери калыптанып калды, биз бөлүшө турган тажрыйба жетиштүү деп ойлойм. Анткени, өлкөдөгү кырдаалдын турукташуусунда парламенттик ролу зор», - дейт ал.

Ошондой эле, Түркия парламентинин спикери Кыргызстандагы Президенттик шайлоонун калыс жана ачык-айкын өтүшүнө тилектеш экендигин билдирди.

Ал эми Ахматбек Келдибеков 2005-жылдагы жана өткөн жылдагы окуялар элдин бийликке карата нааразычылык деңгээлин айкын көрсөтүп койгондугун баса белгиледи.«Кыргызстан чакан өлкө жана анын тез өнүгүшүнө баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Жакынкы жылдары ал максатка жете тургандыгыбызга ишенем», - дейт ал.

Ошону менен бирге, Жогорку Кеңеш Төрагасы кыйналып турган учурда жакындан жардам берип келаткан түрк элине өз ыраазычылыгын билдирди. «Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы азырынча жаш, иштегенине 9 ай гана болду. Биздин Сиздерден ала турган сабагыбыз арбын. Түрк парламентинен келип жаткан мыйзам үлгүлөрү кыргыз парламентинин көңүл сыртында калбайт», - деп кошумчалады ал.
 
Анкарада Жогорку Кеңештин төрагасы А.Келдибеков Түркия Президенти А.Гүл менен жолугушту


Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/.
Түркия Республикасында расмий иш сапар менен жүргөн парламенттик делегациянын жетекчиси, Жогорку Кеңештин Төрагасы Акматбек Келдибеков Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуу учурунда тараптар эки мамлекеттин буга чейинки карым катнашы, жана кандай гана шартта болбосун эки өлкөнүн алакасы бири биринен кол үзбөстөн тыгыз болуп келаткандыгы айтылды.


Төрага Акматбек Келдибеков өз сөзүндө «Биздин мамлекеттен келген Парламенттик делегацияны сиздердин өлкө абдан жылуу тосуп алды жана биз болжогон иш аракеттер, жолугушуулар толугу менен ишке ашып келди. Бул үчүн мен жалпы Кыргыз эл өкүлдөрүнүн атынан жана чогуу келген биздин депутаттар абдан ыраазычылыгыбызды билдиребиз» деди.


Президент Абдуллах Гүл «Кыргыз эли бул түрк эли менен тилибиз да, дилибиз да бир болгон тууган элбиз. Биз сиздерди мындай жылуу тосуп алганга ар дайым даярбыз. Сиздерде болуп жаткан ар бир ийгиликке биз көз салып кубанып олтурабыз. Ал эми айрым бир болуп кеткен сиздердеги кемчилдиктер жана жагымсыз окуялар биздин жүрөгүбүз аркылуу өтөт, ошого сиздер кандай кайгырсаңыздар биз да дал ошондой тынсызданабыз»-деди.


Ал эми андан тышкары тараптар соода экономикалык алака, ишкерлерге шарт түзүп берүү сыяктуу маселелердин чегинде сүйлөшүштү. «Биздин тышкы карызыбыздын 50 миллиондон ашык америка долларын кечип жаткандыгыңыздар бул дагы биздин мамилебиздин мыкты экендигин, боордош эл экендибизди айгинелейт. Ал эми биздин оор кырдаалды баштан кечирип жаткандыгыбызды эске алуу менен Кыргызстанга кол сунуп 10 миллион долларлык грант берип жаткандыгыңыздардын өзү туугандык жардамыңыздар катары кабыл алып жатабыз»-деди Төрага өз сөзүндө. Буга жооп катары Президент Абдуллах Гүл: «Мен жогоруда белгилеп өткөндөй сиздердеги стабилдүүлүк биздин эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышына жакшы шарт түзөт. Сиздерде канчалык тынч болуп, элиңиздерде жай баракат жашоо болсо, биз ар дайым кол сунуп 10 миллион эле эмес андан дагы жогорку денгээлде кызматташууга даярбыз. Ал эми 51 миллион карызыңыздарды жою маселесине келгенде бул негизи биздин өлкөдө өкмөткө таандык маселе, бирок ошентсе да Президент катары мен толугу менен макулмун»-деди Түркия Президенти.

 
<< Başlat < Önceki 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Sonraki > Son >>

Sayfa 3 > 28
  TKA 2008