TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
Маратбек Жумабеков: Келерки жылы Оштон Исфанага чейинки дүйнөлүк стандарттагы, сапаттуу жолдун курулушу башталмакчы

Бишкек 25-ноябрь (КАБАР) “Кыргызстан Тажик Республикасы жана Өзбек Республикасы менен чектешип тургандыктан, чөлкөмдөгү геосаясый абалы Кыргызстандын башка аймактарынан Баткен облусун кескин түрдө өзгөчөлөнтүп турат. Бул абал облусубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элибиздин күндөлүк жашоосуна өз кедергесин тийгизбей койбойт”-дейт Баткен областынын губернатору Маратбек Жумабеков “Кыргыз Туусу” гезитине берген интервьюсунда..

-Чегара маселеси бекеттердин өтүүдө гана эмес, чарбалык иштерди жүргүзүүдө да кедергесин тийгизип келген. Чегара аймактарында калктын саны өсүп жаңы конуштар пайда болууда. Мындан улам элдин жерге, сууга болгон муктаждыгы да улам жогорулоодо. Бул маселелер Кыргызстан элине жаңылык эмес. Мындагы проблемалар бүгүн гана чыга калган жок, бул тээ Союздун мезгилинен бери 20-30 жылдап топтолгон маселелер. Баткен облусу Тажикстан Республикасынын Согди облусунун 9 району, Өзбек Республикасынын Фергана облусунун 6 району менен чектешет-дейт губернатор..
Кыргыз Республикасы, анын ичинен Баткен облусу менен өзбек Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чегараны делимитациялоо жумуштарынын кечеңдеп жатышынын негизги себептери болуп, мурда эки мамлекеттин ортосунда мамлекеттик чегараларды иликтеп, тактап чыккан паритеттик комиссиялардын түзгөн материалдарынын мыйзам ченемдүү эки тараптан тең акырына чейин тийиштүү инстанцияларда ратификация болбогондугу эсептелгендигин айтат.

Эки мамлекеттин ортосундагы чегараны тастыктай турган юридикалык күчкө ээ болгон материалдардын жоктугу көп талаш-тартыштарды пайда кылууда. Баткен облусу менен Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чегаранын жалпы узундугу 673,7 км ди түзөт. Бүгүнкү мезгилге чейин мамлекеттик чегараны делимитациялоо боюнча мамлекеттер аралык комиссиялар 19 жолу жолугушуп, жыйынтыгында 673,7 км чегаранын тоо кыркалары аркылуу өтүүчү 237 километри эки тараптуу макулдашылып, жазылып бүттү, же 35,2% түзөт. Такталып бүтө элек аралык 436,7 километрди түзөт жана бул аймактар негизинен интенсивдүү дыйканчылык жүргүзүлүп жаткан эки эл жыш жайгашкан аймактар болуп саналат. Чегара линиялары жарандарыбыздын үй салган участогун бөлүп өткөн учурлар да жок эмес.

Областтын губернатору ашар жолу менен бүткөрүлгөн жол туурасында кеп кылды.Мурда беш сааттык жол эки саатка кыскарды. «Жолу оңолгондун иши оңолот» - демекчи Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен айланма жолун реабилитациялоо
боюнча элдик демилге менен башталган ашар жолун өлкө башчысы Курманбек Салиевич өзү колдоп келди. Натыйжада, биринчи этабына өкмөттөн 100 миллион сом бөлүнүп, узундугу 100 километр жолдогу тоо таштарды жардырып тегиздеп, шагыл төшөлүп, полотносун түптөө толук аяктаган. Мунун натыйжасында Бишкектен автоунаа менен ташылып келген жүктүн көлөмү өстү, ыңгайлуу шарттын түзүлүшү өнөр-жай, курулуш, эл керектөөчү жана азык-түлүк товарларынын арзандашына таасирин тийгизди.

Бизге келген инвестициянын көлөмү эки-үч эсе өстү. Демек, жолдун жакшырышы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, элдин турмуш шартынын жакшырышына түздөн-түз таасир эте алды. Азыркы учурда аталган жолго мамлекеттик бюджеттен быйылкы жылга 100 миллион сом акча бөлүнүп жол, транспорт, курулуш жана коммуникация министрлиги тарабынан алгачкы 10 километрине асфальт төшөлүүдө. Ошондой эле, айланма жолдун Сох дарыясынан өткөн Зарташ айылына жакын жерде сметалык баасы 68 миллион сомдук, стратегиялык жактан маанилүү жаңы чоң көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, Премьер-министр Игорь Витальевич келип көрүп, ыраазы болуп кетти. Көтөрүмдүүлүгү 80 тонналык көпүрө учурда пайдаланууга берилип, элдин кызматында.
Ал эми Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын айланып өтүүчү узундугу 24 километр жолдун курулушу жүрүүдө. Бул жол курулушу да сапаты жагынан да дүйнөлүк деңгээлден кем калбаган болот. Аталган участокто жумуштун көпчүлүк бөлүгү бүткөрүлдү. Натыйжада Лейлек району, Сүлүктү шаарынын калкы Бишкекке өзүбүздүн эгемен жолубуз аркылуу каттай баштады. Жакыңкы эле күндөрдө Дүйнөлүк банктын, Европанын өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкынын өкүлдөрү облусубузда болуп, Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушу боюнча жеринде таанышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кетишти. Буюрса, келерки жылдан баштап Оштон Исфанага чейинки дүйнөлүк стандарттагы, сапаттуу жолдун курулушунун башталышы боюнча келишимге кол коюучу күн да алыс эмес-дейт областтын губернатору М.Жумабеков.

 
Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдердин жумалыгы өтөт
Бишкек, 25-ноябрь. (КАБАР). Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 80 жылдык юбилейинин алкагында Бишкек шаарындагы республикалык кино үйүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдердин жумалыгы өтөт.Анда жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган “Ак кеме”, “Саманчынын жолу”, “Кызыл алма” ж.б. көркөм фильмдер тартууланат. Иш чараны КР Маданият жана маалымат министрлиги астындагы кинематография департаменти уюштурууда.
Жумалык 5-декабрда кинематогрфистердин, маданий ишмерлердин, классиктин чыгармасын сүйүүчүлөрдүн катышуусу менен салтанаттуу ачылып 12-декабрь күнү жыйынтыкталат.
Ал эми улуу жазуучунун туулган күнүнө карата кинематографистер департаментинин деректиринин милдетин аткаруучу Абибилла Пазыловдун буйругу менен шаардын баардык кинотеатрларында ал күнү, жазуучунун чыгармаларына тартылган фильмдер көрсөтүлөт.
 
Бишкекте филармония концерттеринин сериясы болот

Бишкек, 24-ноябрь. (КАБАР). 26-ноябрдан тартып 14-декабрга чейин Бишкекте филармония концерттеринин сериясы өтөт. Бул жөнүндө Кыргызстанда кызматташтык боюнча Швейцария бюросунун искусствону жана маданиятты колдоо программасынын менеджери Каныкей Мухтарова билдирди. Анын сөзү боюнча концерттердин сериясы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. “26-ноябрда камералык музыканын кечеси болуп, анда камералык президенттик “Манас” оркестри М.Бегалиевдин, Т.Сатторовдун, К.Молдобасановдун, Л.Леонкаваллонун, Э.Капуа менен П.Чайковскийдин чыгармаларын аткарат. 8-декабрда филармонияда азыркы музыка кечеси болуп, анда Кыргыз улуттук филармониясынын студенттери ырдашат”, деп айтты К.Мухтарова. 11-декабрда шаардыктар эски музыка кечесин көрүп, 14-декабрда орган музыкасын жакшы көргөндөр Ф.Мендельсон менен С.Бахтын чыгармаларын филармониянын ырчысы Виктория Васильеванын аткаруусунда көрө алышат. Сериянын акыркы күнүндө фортепиано концерттеринин кечеси болот. К.Мухтарованын айтканына караганда концерттер өлкөнүн жаш музыканттарын колдоо максатында өтөт. М.Т.

 
Интернет сайттарды ММК катары каттоо тууралуу мыйзам долбоору даярдалууда

Бишкек, 24-ноябрь. (КАБАР). Бул тууралуу бүгүн Bishkek Press Club тарабынан атайын ушул маселеге байланыштуу уюштурулган тегерек столдо белгилүү болду. Жыйындын ишине КР ЖК депутаттары, аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси жана жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү Алишер Сабиров менен Алишер Мамасалиев, КР Маданият министрлигинин маалымат бөлүмүнүн кызматкери Кадыр Абдраев, Кыргызстандын медиа акыйкатчысы Илим Карыпбеков жана ММК өкүлдөрү катышты.

         КР ЖК депутаты А.Сабировдун пикири боюнча тиешелүү мыйзам кабыл алынса, алынбаса деле интернет сайттар ММКнын бир түрү катары өнүгө берет. Анткени азыркы учур ошондой. Бирок андагы ар кандай маалыматтар диний экстремизм, улуттар ортосунда чыр – чатак чыгаруу, порнографияны жайылтуу өңдүү терс көрүнүштөрдү пропагандалабаш керек. Ошондуктан андай терс көрүнүштөргө жол бербеш үчүн мыйзам керек.

         Ал эми депутат А.Мамасалиев учурда КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясы мындай мыйзамды кабыл алуу алдында турат. Демек, Кыргызстанда да андай зарылчылык жаралууда.

         Алгач Интернет сайттарды ММК катары каттоо тууралуу мыйзамдын долбоору атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгып, парламенттин кароосуна жөнөтүлөт. (Э.Момунов)

 
<< Başlat < Önceki 21 22 23 24 25 26 27 28 Sonraki > Son >>

Sayfa 28 > 28
  TKA 2008