TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Kırgızistan
Р. Эрдоган: Кыргызстан менен соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга көбөйтүү милдети коюлган



Бишкек, 27-апрель. /Токтосун Мамбеткулов-Кабар/.
"Жакынкы беш жылга биз Кыргызстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин көбөйтүү милдетин койдук жана мунун ишке ашпай тургандыгына эч кандай себеп жок",-деп билдирди Анкарадагы жолугушууда Түркиянын премьер -министри Реджеп Эрдоган. Бул туурасында Алмазбек Атамбаев менен чакан жана кеңири курамдагы жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтты. 

Ушул кезде соода жүгүртүүнүн көлөмү 159 миллион долларды түзөт, деп айтты Түркиянын премьери. "Бүгүн биз стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешти түзүүнүн аркасында тарыхка жаңы баракты жаздык. Биздин жумушчу топтор тийиштүүү иштерди аткарышты. Эки мамлекеттин эки тараптуу мамилеси тарыхый жалпылыкка негизделген, биз мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө чечкиндүүбүз. Кыйын учурдагыдай эле жакшы мезгилде да эч нерсеге карабастан түрк эли дайыма кыргыздар менен болуп келгендигин белгилейин. Биз мамилебизди жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч -аркетти жумшап жатабыз. Быйылкы жылдын февралында Кыргызстанга визитимдин жүрүшүндө аракеттенүү планы кабыл алынган болучу, биз аны маданий, аскердик жана башка багыттарда жүзөгө ашырууга ниеттенебиз".

Журналисттердин суроолоруна жооп берип, түркия өкмөтүнүн башчысы башкаруунун парламенттик системасына өтүү менен Кыргызстан маанилүү кадам жасагандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда көпчүлүктөн түзүлгөн коалиция биримдигин сакташы зарыл: "Эгерде коалициялык өкмөттүн сөзү менен иши дал келсе, анда алардын иши алга кетет".

 
Анкарада стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешти түзүү жөнүндө келишимге кол коюлду



Бишкек, 27-апрель. /Токтосун Мамбеткулов-Кабар/. Кыргызстан менен Түркиянын премьер-министрлери Анкарада стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешти түзүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул туурасында Анкарадан атайын кабарчыбыз билдирди.

Келишимге кыргыз өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Атамбаевдин Түркия республикасына расмий визитинин жүрүшүндө кол коюлган.

Эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Түркия мындай кеңешти Россия менен гана түзгөндүгү белгилүү болду, эми Кыргызстан мындай келишимге кол койгон экинчи өлкө. Демейде мындай кеңешти түркиялык тарап өтө жакын жана дос мамиледеги мамлекеттер менен гана түзөт.

Стратегиялык кеңеш эки тараптуу өз ара мамилелердин стратегиясын аныктайт, тең төрагага, премьер-министрлерге отчет бере турган тармактык министрликтер боюнча комиссияны, стратегиялык пландаштыруу тобун да түзөт. Секретариаттын ролун тышкы иштер министрлиги аткарат.

 
Кыргыз-ооган эки тараптуу мамилелери кайрадан активдешүүдө


Бишкек, 15-апрель /Токтосун Мамбеткулов-Кабар/. Ооганстан республикасынын Кыргыз республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нур Мохаммад Каркин мырза КР Тышкы иштер министри Р. Казакбаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясый, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кыргыз-ооган мамилелери талкууланды.

КР Тышкы иштер министри Р. Казакбаев Ооганстандын Кыргызстандагы элчилигинин ишин кайра баштоого кабыл алган чечими үчүн Ооганстан өкмөтүнө ыраазылык билдирди, мунун өзү биздин мамлекеттердин ортосунда достук менен кызматташтыкты узак мөөнөттүү келечекке ар тараптан чыңдоого ооган тарабынын аракетин көрсөтүүдө.

Тараптар чөлкөмдүк транспорт-энергетика долбоорлору боюнча соода экономикалык кызматташтыкты активдештирүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты.

Ооганстандын элчиси эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү үчүн бардык тараптан күч аракетти жумшоого аракеттенерин билдирди.



 
Түркиянын Полиция Академиясы менен ТИКАга КР ИИМ Э. Алиев атындагы Академиясынын 40 жылдык медалы тапшырылды
Бишкек, 15-апрель. /Эмилбек Момунов - Кабар/. Түркия Республикасынын ТИКА эл аралык уюмунун Бишкектеги координациялык кеңешинин координациялык кеңсесинин маалымат кызматынын "Кабар" агенттигине билдирүүсү боюнча, КР ИИМ Э. Алиев атындагы Академиясынын чечмине ылайык, Түркия Республикасынын Полиция академиясы менен ТИКА уюмуна аталган окуу жайдын 40 жылдыгына арналган медал тапшырылды.

ИИМ Академиясынын имаратында болгон салтанатуу иш чарага Түркия Республикасынын Полиция Академиясынын начальниги профессор Зюхтю Аслан баштаган делегация мүчөлөрү, Э. Алиев атындагы КР ИИМ Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Базарбаев, ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Нурчин Йылдыз жана көп сандагы Академиянын кызматкерлери катышты.

 
КР Социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлери түркиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашат
Бишкек, 15-апрель. /Эмилбек Момунов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 18-28-апрель күндөрү КР Социалдык коргоо министрлигинин жана ведомстволук кызматтарынын сегиз адамдан турган делегациясы Түркияга барып тажрыйба алмашып келишет. Аталган министрликтин министринин орун басары Кыялбек Мукашов жетектеген топ Анкарада жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, социалдык коргоо, майыптарды колдоо, медициналык кызмат көрсөтүү, социалдык колдоо жана өз ара жардам берүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле кыргызстандык делегациянын Түркиянын эмгек жана социалдык коргоо, билим берүү министрликтеринин, социалдык колдоо жана өз ара жардам берүү фондунун, Анкара шаарынын мэриясынын, Анкара университетинин, көчөдө иштеген балдар борборунун, көзү азиздердин технология жана окутуу борборунун, Пурсаклар жеринин үй-бүлөлүк турмуш борборунун, мамлекеттик социалдык кызмат жана балдарды коргоо жана мамлекеттик эмгек биржасынын өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган. Мындан тышкары кыргызстандык коноктор үчүн маданий программалар пландаштырылган.

 
<< Başlat < Önceki 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 Sonraki > Son >>

Sayfa 4 > 28
  TKA 2008