TR  |  EN  |  RU
turkey turkey   azerbaijan kazakhstan kyrgyzstan turkmenistan uzbekistan kktc qha TAT BAŞQ
Ana Sayfa
Birlik Hakkında
Üye Haber Ajansları
Bildiri
Başkanın Mesajı
Tüzük
Haberler



Р. Эрдоган: Кыргызстан менен соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга көбөйтүү милдети коюлган



Бишкек, 27-апрель. /Токтосун Мамбеткулов-Кабар/.
"Жакынкы беш жылга биз Кыргызстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин көбөйтүү милдетин койдук жана мунун ишке ашпай тургандыгына эч кандай себеп жок",-деп билдирди Анкарадагы жолугушууда Түркиянын премьер -министри Реджеп Эрдоган. Бул туурасында Алмазбек Атамбаев менен чакан жана кеңири курамдагы жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтты. 

Ушул кезде соода жүгүртүүнүн көлөмү 159 миллион долларды түзөт, деп айтты Түркиянын премьери. "Бүгүн биз стратегиялык кызматташтык боюнча жогорку кеңешти түзүүнүн аркасында тарыхка жаңы баракты жаздык. Биздин жумушчу топтор тийиштүүү иштерди аткарышты. Эки мамлекеттин эки тараптуу мамилеси тарыхый жалпылыкка негизделген, биз мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө чечкиндүүбүз. Кыйын учурдагыдай эле жакшы мезгилде да эч нерсеге карабастан түрк эли дайыма кыргыздар менен болуп келгендигин белгилейин. Биз мамилебизди жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч -аркетти жумшап жатабыз. Быйылкы жылдын февралында Кыргызстанга визитимдин жүрүшүндө аракеттенүү планы кабыл алынган болучу, биз аны маданий, аскердик жана башка багыттарда жүзөгө ашырууга ниеттенебиз".

Журналисттердин суроолоруна жооп берип, түркия өкмөтүнүн башчысы башкаруунун парламенттик системасына өтүү менен Кыргызстан маанилүү кадам жасагандыгын айтты. Анын сөзүнө караганда көпчүлүктөн түзүлгөн коалиция биримдигин сакташы зарыл: "Эгерде коалициялык өкмөттүн сөзү менен иши дал келсе, анда алардын иши алга кетет".

 
  TKA 2008