Түркиянын Йозгат аймагы менен Ош облусу боордош облустардан болмой болду |
Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков Түркияга болгон иш сапарынын алкагында 27-сентябрь күнү Йозгат аймагына барды.
Ал жерден облус губернатору Нежати Сентюрк жана Йозгат шаарынын мэри Юсуф Башэр менен жолугушту. Анда Йозгат облусу менен Кыргызстандын Ош облусун боордош дос облустардан кылуу чечимине келишти. Эми Түркиянын аталган облусунан Ош облусуна делегация келүүсү күтүлүүдө.
Ошондой эле А.Келдибеков Бозок университетине барып, анын ректору Тамер Учар менен жолугушуп, спикерге аталган университеттин профессору деген наам ыйгарылды.
|