217741997 2879461309050491 539256444427731428 N.730x400

Кыргызстанда көк бөрү жөнүндө даректүү тасма тартыла баштады

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда көк бөрү жөнүндө даректүү тасма тартыла баштады. Бул туулалуу Көк бөрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Тасманы аталган федерация 14-июлдан баштап тартууну баштады.

Фильмдин негизги максаты – көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салттарын жайылтуу жана жандандыруу, жаштардын мекенчилдик сезимин, улуттук каада-салттарды сүйүү жана урматтоо сезимин тарбиялоо жана көк бөрү оюнун дүйнөлүк аренада жайылтуу болуп эсептелет.

“Тай казан менен спорттук мелдештер үчүн көк бөрү оюнунун заманбап эрежелери 1996-жылы иштелип чыккан жана быйыл 25 жыл болду. Буга байланыштуу, Көк бөрү боюнча федерациясы тарабынан даректүү тасма тартуу башталды. Фильмди көк бөрү оюнунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана Көк бөрү боюнча федерациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков каржылап жатат”, – деди федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков.

Жакынкы аралыкта федерация республикалык телеканалдар аркылуу тасманы кеңири жайылтууну пландаштырууда.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email