Dsc08697

Пакистанда кыргыз боз үйү презентацияланды

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилигинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында кыргыз боз үйүнүн презентациясы болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун, ишкер чөйрөлөрдүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Пакистандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

КР элчиси Эрик Бейшембиев өз сөзүндө көчмөндөрдүн салттуу турак жайын жайгаштыруу жана жасалгалоо жөнүндө айтып, боз үйдүн кыргыз эли үчүн терең символикалык маанисин белгиледи.

Ошондой эле ал өлкөнүн туристтик потенциалы жана экотуризмдин популярдуулугу жөнүндө маалымат берип, конокторду Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Кыргыз боз үйүнүн ийгиликтүү презентациясы Пакистандагы коомчулуктан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан кеңири жооп алды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email