1626930692 Large.730x0

Жаш бишкектиктер Түркияда өткөн фестивалда жеңүүчү болушту

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөү жылдын 15-22-июль аралыгында Стамбул шаарында (Түркия) өткөн «Түрк тилдүү улуттардын маданияты» эл аралык фестивалында жаш бишкектиктер биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №93 мектептин окуучулары Айпери Шаршеналиева, Бегимай Жолчубекова, Алихан Жайлобаев, Эллада Мейманбекова жана Тинатин Осмонова фестивалга катышып, жеңишке ээ болушту. Балдарды жеңишке алардын музыкалык насаатчылары Азиз Батыров жана Ишенаалы кызы Гүлзарида алып барышты.

Жаш таланттар музыкалык номерлерди улуттук аспаптарда жана улуттук бийлерде аткарышты.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email