Thumbs B C 4f73a4ee28d94beebcba5e77fbaa805a.730x0

Акыркы маалыматтар: 1 127 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 10 бейтап көз жумду

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 127 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 678, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 134, Ош облусунда – 37, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 54, Жалал-Абад облусунда – 94, Баткен облусунда – 82 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 1 миң 396 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 883, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда – 196, Ош облусунда – 48, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 21, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 94, Баткен облусунда – 98 бейтап айыгып чыкты”, – дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 229 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 845 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 12, ал эми үй карантининен 22 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 295 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 533 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 155 миң 5 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 138 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email