20210722 105550.730x400

Кыргызстан Кореядагы эл аралык көргөзмөдө өзүнүн продукцияларын көрсөтүүдө

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-июлунан 24-июлуна чейин Сеул шаарында “Import Goods Fair 2021” эл аралык көргөзмөсү өтүүдө, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын Экономика жана финансы министрлигинин жардамы менен ата мекендик продукциялар: бал (Аман Гринфуд, Bee Honey, Дары Тянь-Шаня, Алай жана Чоң-Алайдын балчылары), шоколад жана нуга (Nag Group), табигый комплекстүү витаминдер жана чөптөрдүн негизинде жасалган эликсирлер (Aronia Farm), кийизден жасалган буюмдар, ошондой эле Түштүк Кореянын HESED компаниясы тарабынан Кыргызстандан келген текстиль буюмдары тартууланды.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө конокторго Кыргыз бал, боорсок жана “Чак-чак” сунушталууда.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Элчилиги мамлекеттин туристтик потенциалы менен тааныштырууда, атап айтканда, Кыргызстан жөнүндө видеофильмдерди көрсөтүп жана туристтик мүмкүнчүлүктөр жөнүндө брошюраларды таратууда.

Маалымат үчүн: Жыл сайын өтүүчү “Import Goods Fair 2021” көргөзмөсү Түштүк Кореяда чет мамлекеттердин товарларын жана продукцияларын илгерилетүү боюнча эң ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email