625d7d6f 0ac6 4443 83c7 Cd27ce2763f9.730x0

Акыркы маалыматтар: 1 147 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 11 бейтап көз жумду

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 147 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 661, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 153, Ош облусунда – 59, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 95, Баткен облусунда – 73 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 1 миң 306 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 811, Ош шаарында – 37, Чүй облусунда – 161, Ош облусунда – 50, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 64, Баткен облусунда – 115 бейтап айыгып чыкты”, – дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 143 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 60 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 31 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 17, ал эми үй карантининен 26 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 326 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 576 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 156 миң 152 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 133 миң 444 киши айыгып чыкса, 2 миң 238 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email