Bajvkpsp6o4 2.730x0

Акыркы маалыматтар: 973 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 12 бейтап көз жумду

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда 26-июлга карата коронавирус дагы 973 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 637, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда – 72, Ош облусунда – 12, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 18, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 92, Баткен облусунда – 62 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 1 миң 568 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 1087, Ош шаарында – 46, Чүй облусунда – 148, Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 47, Жалал-Абад облусунда – 74, Баткен облусунда – 88 бейтап айыгып чыкты”, – деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 4 бейтап каза болгон. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 187 бейтап, амбулатордук түрдө 13 миң 691 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 21, ал эми үй карантининен 27 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 354 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 651 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 158 миң 120 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 136 миң 700 киши айыгып чыкса, 2 миң 261 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email