212678d4 F616 491e Afe2 2deda5c6af0d.730x400

Улан Ниязбеков Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Кечээ, 26-июнь күнү КР ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун Корея Республикасынын Кыргыстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэ менен расмий жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ички иштер министри элчини кызматка дайындалышы менен жылуу куттуктап, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Сизди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин имаратында тосуп жатканыбызга кубанычтабыз. Сиздин жогорку кызматка – Кореянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалгандыгыңызга байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз », – деди Улан Ниязбеков.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашышты. Эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугун жана коомдук коопсуздугун камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

«Корей полициясы улуттар аралык кылмыштуулукка, диний экстремизмге, киберкылмыштуулукка жана баңгизаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө мыкты тажрыйбасы бар экендигин өзгөчө белгилегим келет. Биз Кореянын полиция кызматкерлеринин ушул багыттардагы тажрыйбасын тереңдеп изилдөөгө абдан кызыкдарбыз», – деди ИИМ башчысы.

Өз кезегинде, элчи Ли Вон Джэ эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүү тенденциясына оң баа берип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди жана мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташууга ниети бар экендигин кошумчалады.

Министр жолугушууну жыйынтыктап жатып, КР Ички иштер министрлиги Кореянын укук коргоо органдары менен эки тараптуу кызматташууга өзгөчө маани берип, эки тараптын укук коргоо органдарынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email