88.730x0

Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын финалына чыкты

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жарым финалында украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде жеңип, оюндардын финалына чыкты.

Бүгүн ал латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде, ал эми чейрек финалда румыниялык спортчу Кристина Инченин далысын жерге басып, таза жеңишти камсыз кылган.

Эскерте кетсек, Тыныбекова аялдар күрөшүндө 62 кг салмакта күрөшүүдө.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email