22

Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырды

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештин күмүш медалын багындырды.

Ал 77 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында тунистик Маафи Ладжедди 11:0 эсебинде артта калтырды. Махмудов чейрек финалда азербайжандык Рафик Гусейновду 9:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде жеңип, финалга өттү.

Алтын үчүн күрөштө Махмудов венгриялык Тамаш Лёринцге 1:2 эсебинде утулуп, күмүш медалга ээ болду

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын куржунуна алгачкы медалды Акжол Махмудов салды.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email