Bezymiannyi.730x0

Элчи Өмүралиев Анкара провинциясынын депутаты менен кызматташтыкты талкуулады

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-августунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара провинциясынын депутаты, ошондой эле Улуттук билим берүү, маданият, жаштар жана спорт комитетинин мүчөсү Зейнеп Йылдыз менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email