COVID-19. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлеринин 74%ы эмдөөдөн өттү

COVID-19. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлеринин 74%ы эмдөөдөн өттү

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлеринин 74%ы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу аталган борбордун директору Нурила Алтымышева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы мезгилде ден соолукка көбүрөөк кам көрүү керек болгон учур.

“Коммуникациялык кампаниясынын алкагында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору маалыматтык материалдарды иштеп чыккан жана ошондой эле калкка коронавирустук инфекциясын алдын алуу чаралары жана эмдөө жөнүндө маалымдоону улантууда. Биздин борбордун кызматкерлеринин 74%дан ашыгы COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, ошону менен өздөрүн жана жакындарын коргоо менен жашыл зонага киришти. Мен сиздерди жөнөкөй санитардык чараларды сактоого, сергек жашоого жана туура тамактанууга чакырам. COVID-19га каршы эмделиңиз, анткени эмдөө жугуштуу ооруларга каршы эффективдүү чара”, – дейт ал.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email