Швейцариядагы кыргызстандыктар КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти

Швейцариядагы кыргызстандыктар КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти
Швейцариядагы кыргызстандыктар КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Швейцариядагы кыргызстандыктар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгын белгилешти. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын башкы майрамынын салтанаты салт боюнча улуттук мүнөздө өттү. “Кыргызстандыктар улуттук кийимдерди кийип, салттуу майрамдык тамактар даярдалды жана улуттук оюндар өткөрүлдү. Швейцариядагы дипломаттар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты”, – деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата биргелешкен майрамды даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкан мекендештерге ыраазычылык билдирет.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email