242506729 4638705342819186 7604662813756504743 N.730x400

Бишкекте дүйнө элинин эпосторунун VI фествалынынын алкагында эл аралык симпозиум өтүүдө

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда, Бишкек шаарында дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фествалынынын алкагында эл аралык симпозиум өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сипозиумдун ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Министр “Манас” эпосу менен биргеликте кенже эпосторду сактоого комплекстүү иш аракеттерди жасап жаткандыгын белгилеп, аны сактоо жана өнүктүрүү бирден-бир маданият тармагындагы приоритеттүү маселелердин бири экендигин белгилеп өттү.

Ал Кыргызстан эпос айтуучулар жана изилдөөчүлөрдүн башын бириктирген, дүйнө элин чогулткан бирден бир мамлекет болуп жатканын айтып, фестивалы 2006-жылдан бери алтынчы жолу өтүп жатканын кошумчалады.

“Андыктан өнөр ээлерин, эпос изилдөөчүлөрүн аздектеп сактоого, өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык аренага таанытууда тиешелүү аракеттерди көрүү Маданият министрлиги тарабынан үзгүлтүксүз уланат. Анын далили катары “Манас” Улуттук театры ачылуу алдында турат. Бүгүнкү өтүп жаткан симпозиум жемиштүү болуп, маданий алака түзүү, тажрыйба алмашуу жана симпозиумдун жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алына”, – дейт Иманалиев.

Эске салсак, симпозиум Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналып, “Дүйнө элдеринин эпикалык салттары: мифологиялык семантиканы жана типологияны изилдөө өңүттөрү” темасы менен өтүүдө.

Программа боюнча сипозиум 2 күнгө уланат.

Анын жүрүшүнө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия), Азербайжан, Армения, Белорусь, Латвия, Эстония, АКШ, Иран жана Франциянынын белгилүү окумуштуулары жана эпос таануучулары катышып жатат.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email