24f3cccc 6967 4aea 8b19 2b2656654bc0.730x0

COVID-19: Кыргызстанда дагы 87 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 24-сентябрга карата коронавирус 87 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 535 бейтап, амбулатордук түрдө 858 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 657 киши айыгып чыкса, 2 миң 597 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email