Photo 2021 09 23 17 08 58.730x0

Швейцария Кыргызстандагы медициналык билим берүү реформаларын колдойт

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Кечээ, 23-сентябрда КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер “Медициналык билим берүүнү реформалоо” долбоорунун III фазасы боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Швейцария медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн медициналык билим берүү реформасын колдоону улантат, бул Кыргызстандын бейтаптарына жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат.

Долбоор кесипкөй медициналык бирикмелердин статусун бекемдөөгө, медайымдык билимди модернизациялоого жана көз карандысыз кесиптик даярдыкты баалоо борборун түзүүгө жардам берет. Бул Швейцария долбоору аркылуу дарыгерлер, медайымдар, ординаторлор жана медициналык колледждин студенттери билимин өркүндөтүшөт.

2013-жылдан бери Швейцария Өкмөтү Женева университетинин ооруканаларынын техникалык колдоосу менен “Медициналык билим берүү реформалары” долбоорун жергиликтүү “Медициналык билим берүүдөгү демилгелер” өнөктөшү менен биргеликте каржылап келет.

Медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн Швейцария 2,4 миллион швейцар франкын бөлөт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан ары да долбоордун ишмердүүлүгүн бардык баскычында колдойт.

Маалымат үчүн:Швейцария өкмөтү калктын жашоо шартын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп келет. Акыркы 25 жылдын ичинде Швейцария Кыргызстанга техникалык, финансылык жана гуманитардык жардам түрүндө 450 миллиондон ашык швейцар франкын берген.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email