Zdanie Mida.730x0

Казакбаев КМШ ТИМ башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-октябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Минск шаарында өтө турган КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери жана Тышкы иштер министрликтеринин КМШ форматында өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу, ошондой эле бир катар документтерди, анын ичинде КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана өкмөт башчыларынын кеңеши кезектеги жыйындарында бекитиле турган документтерди кароо пландаштырылууда.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email