Whatsapp Image 2021 10 13 At 22 39 48.730x400

КР элчиси Пакистан Улуттук Ассамблеянын спикери менен жолугушту

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кечээ, 13-октябрда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяевдин Пакистан Улуттук Ассамблеянын спикери Асад Кайсер менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана алмашуу сапарлары, эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгынын олуттуу потенциалын белгилеп, Пакистан тарабына Кыргызстандын инвестициялык, соода-экономикалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн Борбор Азия, ЕАЭБ жана ЕБ рынокторуна продуктуларын өндүрүү жана экспорттоо боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн активдүү колдонуусун сунуштады.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email