245352224 4701872506502469 8515091873502570343 N.730x0

Бишкекте Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленет

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2021-жылдын 15-октябрында саат 14:00 дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас областынын Талас районундагу Үч-Эмчек айылында туулган. Айтылуу Көкарык орто мектебинде билим алган. 1942–1944-жылдарда Улуу Ата Мекендин согушка катышып, кан күйгөн майдандын азап-тозогуп тартып, өмүр менен өлүмдүн эмне экенин түшүнүп, жашоонун, тирүүчүлүктүн баа-баркын башынан өткөрүп, эли-жерибизди коргоого өз салымын кошкон.

Үч жолу катуу жарадар болгондон кийин эл-журтка аман-эсен кайтып, Талас облустук “Лениндик туу” газетасында жооптуу катчы болуп иштейт. 1951-жылы Москвадагы партиялык жогорку мектепке кабыл алынып, аны ийгиликтүү бүтүрүп келгенден кийин, 1954-1959-жылдары “Кыргызстан пионери” газетасынын редактору, андан кийин узак жылдар бою, 1959-965-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы, 1967-1984-жылдарда адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1965-1967-жылдарда СССР жазуучулар союзунун Жогорку адабий курсунан окуган.

Сүйүнбай Эралиевдин “Уяң жылдыздар”, “Ак жыттар”, «Көк сулуу”, “Жаңыл мырзанын керээзи” кыргыздын кыйырына тараган атактуу “Ак Мөөр”, жалпы адамзаттык татаал проблемаларга арналган, философиялык кең масштабдуу “Мезгил вокзалы”, “Кесиринсан” поэмалары жана оригиналдуу лирикасы аны кыргыз поэзиясынын туу чокусуна алып чыккан.

Ал эми 1964-жылы жарык көрүп, көптөгөн чет тилдерге которулган “Жылдыздарга саякат” поэмасы кыргыз поэзиясынын өнүгүшүндө этаптуу көрүнүш болуу менен бүтүндөй чыгыш поэзиясындагы чоң жаңылык болду.

С.Эралиевдин чыгармачылыгы тууралуу адабияттын чыгаан алптары: Э.Межелайтис, М.Карим, Ч.Айтматов, К.Кулуев, А.Михайлов жана башкалар өз мезгилинде жогорку бааларын беришкен.

Дүйнөгө белгилүү улуу жазуучу Чынгыз Айтматов С.Эралиевдин “Жылдыздарга саякат” поэмасы жөнүндө “Жаңы жээктин ачылышы” деген чакан макаласында: “…Эралиевдин акындык ыкыбалы ушундай болду. Ал кыргыз поэзиясынын, ал гана турсун, мен айтаар элем, бүткүл түрки тилдериндеги адабияттын жаңы жээгин ачты.”-деп жогорку баасын берген.

Адабиятчы Кадырбек Матиев акындын “Кесиринсан” дастаны жөнүндөгү жазылган “Эрөөл” деген макаласында мындай деген: .…”Кесиринсан” өзүнүн поэтикасы боюнча кыйла татаал, жогоруда айтылгандай, көп үндүү, полифониялык чыгарма. Поэманын бай ыргактары анын ички музыкалык мукамын, авазын, кыраатын түзүп, акын эркин ырды да, салттуу ырды да, уйкаштыруу жана уйкашсыз ыр түзүлүштөрүн да пайдаланып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, бейнелүү жаңы каражаттарды, ыкмаларды тапкан, өзүнүн поэтикалык арсеналын байыткан. Мындагы ритмдин кыймалы бирде туягы жерге тийбей зымыраган кыргыз тулпарынын учканына окшосо, бирде дон аргымагыгын таскагындай текирең алат, бирде жоргонун желишиндей жымылдап сызат…”.

Сүйүнбай Эралиев 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик, 1981-жылы А.Фадеев атындагы бүткүлсоюздук сыйлыкка татыктуу болгон. 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл акыны наамы ыйгарылган. Акын Бишкек, Талас шаарларынын ардактуу жараны. Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору, эл агартуунун отличниги.

КР президентинин 2006-жылдын 27-октябрындагы Жарлыгы менен Эралиев Сүйүнбайга кыргыз элинин руханий маданий казнасына кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук иштеги жарандык жогорку позициясы үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы берилген.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email