20501 1634201509 Lg.730x0

Өзбекстандын премьери Акылбек Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри белгилегендей, өлкө жетекчиси жана парламенти тарабынан Акылбек Жапаровго көрсөтүлгөн жогорку ишеним анын натыйжалуу эмгек ишмердүүлүгүнүн татыктуу баалангандыгынын далили болуп саналат.

«Биргелешкен күч-аракеттер аркылуу бизин өлкөлөрүбүздүн жана элибиздин бакубаттуулугу үчүн өзбек-кыргыз өз ара пайдалуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана чыңдоого жетишебиз деп ишенем», – деди ал.

Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Акылбек Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email