2.730x0

Кыргызстандык алты балбан ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатына катышат

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык алты балбан ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышат.

Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришкендей, грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдеш 19-24-октябрда Грециянын Лутраки шаарында өтөт.

Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргойт:

1. Калмурза Жолдубаев – 70 кг (грек-рим күрөшү);
2. Талант Бегалиев – 70 кг (эркин күрөш);
3. Роман Сарыбаев – 88 кг (эркин күрөш);
4. Арген Бегалиев – 88 кг (эркин күрөш);
5. Чынарбек Изабеков – 100 кг (эркин күрөш);
6. Сааданбек Ниязов – 130 кг (эркин күрөш).

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email