248921302 4739461049410281 7501047702114684178 N.730x400

Бишкек шаарында “Республикалык жаштар конгресси” өттү

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кечээ, 25-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда “Республикалык жаштар конгресси” өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чаранын негизги багыты улуттук кызыкчылык үчүн мамлекеттик органдар менен жаштар уюмдарынын күчүн пайдалануу жана кызматташуу үчүн жаңы “Биздин келечек” аттуу жаштар Программасы жалпы делегаттарга тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле жаштарга багыт көрсөтүү, жаңы коомдук долбоорлор менен таанышуу жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган конгресстин алкагында келечектин ээлери аталган жаштардын бүгүнкү көйгөйлөрү жана эртеңки өнүгүү жолдору талкууланды.

“Республикалык жаштар конгрессине” өлкөбүздүн бардык аймактарынан жаштар, жогорку окуу жайлардын студенттери жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн турган делегаттардын келишти.

Мындан тышкары, КР маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Юстиция министри Аяз Баетов катышып, жаштар менен түз сунуш-пикир алмашуусу болду.

Маданият министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбековдун жаштар багыты боюнча жарым жылдык отчету угулуп, иш-чарага Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарынын ээлери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, белгилүү коомдук ишмерлердин жана жаш активисттердин катышуусу менен өттү.

Конгресстин жүрүшү 26-октябрь күнү да уланып, катышуучулар үчүн “Ата-Бейит” тарыхый мемориалдык комплексине зыярат уюштурулат.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email