248947229 4460552364031910 5345860844449591331 N

Бишкек шаарынын мэри Жунушалиев Санкт-Петербургдун вице-губернатору менен жолукту

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында Айбек Жунушалиев Санкт-Петербург шаарынын вице-губернатору Валерий Пикалев менен жолукту.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда ошондой эле катуу таштандыларды башкаруу, жашылдандыруунун жаңы технологиялары жана ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүү маселелери козголду.

Ошондой эле Санкт-Петербург шаарын көрктөндүрүү комитетинин өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

Айбек Жунушалиев бакча жана сейил бак чарба башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. «Ыңгайлуу шаардык чөйрөнү калыптандыруу» жаңы приоритеттүү долбоору, ошондой эле шаардык маанидеги жалпы пайдалануучу жайларды компенсациялык жашылдандырууну ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу маалымат беришти.

Андан соң Бишкек шаарынын мэри «Спецтранс» өндүрүштүк-технологиялык борбору ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Маалымат үчүн: «Спецтранс» өндүрүштүк-технологиялык борбору» ААК жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн бузулган жана колдонуудан чыккан медициналык жана биологиялык калдыктарын термикалык тазалоо боюнча кызматтарды толук көрсөтөт.

Санкт-Петербург жана Ленинград облусунун аймагында 100% мамлекеттик капиталы менен калдыктарды жок кылуу боюнча комплекстүү кызматтарды көрсөткөн жалгыз ишкана.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email