121c1c62 8dda 4548 Baab Ade95a15ebed 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0.730x0

Кыргызстанда 124 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда 27-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 65, Чүй облусунда – 28, , Талас облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 106 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 688 бейтап, амбулатордук түрдө 692 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 865 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 302 киши айыгып чыкса, 2 миң 661 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email