121c1c62 8dda 4548 Baab Ade95a15ebed 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0 730x0.730x0

Статистика: Акыркы суткада 51 адамдан COVID-19 табылып, төрт бейтап каза болду

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда 22-ноябрга карата коронавирус дагы 51 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 29, Чүй облусунда – 1, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 7 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 57 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 483 бейтап, амбулатордук түрдө 641 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 884 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 499 киши айыгып чыкса, 2 миң 727 адам каза болду.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email