1.730x400

Италиянын ишкерлер делегациясынын Кыргызстанга иш сапары уюштурулду

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-ноябрында Италиянын ишкерлер делегациясынын Кыргызстанга иш сапары уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапар экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча пландалган иштердин алкагында Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин көмөгү менен КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган.

Италиянын бизнес коомчулугу үчүн бизнес-миссиянын программасына ылайык, ушул жылдын 22-ноябрында «Кыргызстан-Италия» биргелешкен бизнес-форуму өтүп, 23-ноябрда – өнөр жай объектилерин кыдыруу болду.

Бизнес-форумдун максаты – Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүнүн негизги аспектилери, конкреттүү потенциалдуу секторлорго жана инвестициялык долбоорлорго басым жасоо менен экономиканын приоритеттүү секторлору жөнүндө маалыматты жайылтуу үчүн натыйжалуу аянтчаны түзүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда өз ара кызыгууну жараткан маселелер боюнча ишкердик байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү.

Алсак, форумдун ачылышында Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев, КР Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директору Эрмек Өмүралиев жана италиялык ишкерлердин атынан бизнес-миссиясынын жетекчиси, «Studio Castiello & Partners» компаниясынын башчысы Антонио Кастьело сөз сүйлөштү.

Италиянын делегациясын консалтинг, машина куруу, кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарба, текстиль, металлургия ж. б. у.с. чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн түрдүү компаниялардын өкүлдөрү түздү.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө италиялык ишкерлердин Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүнүн укуктук, салыктык жана каржылык аспектилери, чет элдик инвесторлор үчүн болгон стимулдар жана преференциялар жана потенциалдуу инвестициялык долбоорлор тууралуу суроо-талаптарына кеңири маалымат берүү жагынан КР мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча өлкөнүн презентациясын жана чакан ГЭСтерге басым жасоо менен энергетика, тигүү жана текстиль боюнча тематикалык презентацияларды, айыл чарба, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, туризм жана тоо-кен казып алуу тармактары жана Бишкек шаарындагы эркин экономикалык аймактын мисалында эркин экономикалык аймактардын артыкчылыктары боюнча Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат беришти.

Мындан тышкары, форумда «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү жана өлкөнүн кыш мезгилиндеги туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер тартууланды.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө мындай иш-чаралар өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты куруу үчүн жалпы негиздерди табууга жана Кыргызстан менен Италиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу форматын аныктоого жардам бере тургандыгы белгиленди.

Андан кийин италиялык ишкерлер Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн кызыкдар өкүлдөрү менен В2В форматында жолугушууларды өткөрүштү жана тараптар Кыргызстанда экономиканын приоритеттүү тармактарында конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Жолугушуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды орнотуу, италиялык акыркы технологияларды, алдыңкы тажрыйбаларды жана инвестицияларды колдонуу менен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы иш-чаралардын пландарын аныктоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Соңунда италиялык ишкерлер бизнес-форумдун жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, бир катар италиялык компаниялар Борбордук Азиядагы долбоорлорго инвестиция салууга олуттуу ниети бар экенин баса белгилеп, Кыргыз Республикасына кызыгуусун билдиришип, берилген маалыматтарды деталдуу изилдөөгө даяр экендигин баса белгилешти. Италиялык делегация жогоруда белгиленген пландарды системалуу түрдө ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына кайрадан келүү ниетине ишендирди.

Программанын алкагында 2021-жылдын 23-ноябрында италиялык ишкерлер Чүй облусундагы бут кийим жана эркектердин костюмдарын чыгаруучу эки өнөр жай объектисинде болушту, ошондой эле «Чакан ГЭС» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email