2aca9161 E65b 4234 Be95 Ad731380b48c

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил ОшМУда болду

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) Германиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллил баштаган делегация келди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи баштаган делегация окуу жайдын эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушуп, кызматташуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда делегация ОшМУдагы билим берүү, илим, эл аралык байланыштар, жетишкендиктер боюнча маалымат алышты. Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев университетте немец тилин жана маданиятын үйрөнүүгө болгон студенттердин кызыгуусу абдан зор экендигин, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде немец тили кафедрасы 50 жылдан ашык мезгилден бери иштеп келе жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ОшМУ Германиянын окуу жайлары менен Эразмуз+, ДААД программалары аркылуу кызматташып келерин, ушул жылдын жазгы семестринде студенттер Марбург университетине жиберилип жаткандыгын айтты. Мобилдүүлүк программаларына катышкан студенттердин виза маселесин жеңилдетүү максатында элчиликтин колдоосу менен “VisaMetric” кызматы өз ишин жаңылашына ишеним артарын кошумчалады.

Элчи Габриэла Геллил буга чейин да ОшМУ тууралуу көптөгөн жакшы пикирлерди уккандыгын, бүгүнкү жолугушууда айтылган сунуш-пикирлерди колдоорун билдирди.

Иш сапардын алкагында делегация окутуучулар, студенттер менен да жолугушуп, пикир алышты.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email