820d230c Dcbb 4d30 95ec 1460f8c837ae.730x0

Самат Абдырахманов россиялык HARDCORE MMA мелдешинин финалына чыкты

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. “Кыргыз” каймана аты менен таанымал Самат Абдырахманов россиялык HARDCORE MMA мелдешинин экинчи сезонунун финалынан чыкты. Бул тууралуу аталган иш-чаранын расмий сайтында айтылат.

Абдырахманов казакстандык Амхад Жанчураев менен беттешип, калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңишти илип кетти.

Hardcore Fighting — бул муштум менен мушташа турган профессионалдык лига. Беттеш 2 мүнөттөн үч раундга созулуп, мушкерлер колкап кийбестен таймашат.

Белгилей кетсек, мелдештин биринчи сезонунда 5 миң мушкердин ичинен 100 адам тандалып алынып, чемпион аталган адамга 1 млн рубль жана Hardcore Fighting куру берилген.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email