Imgm8886.730x400

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселеси талкууланды

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Азербайжандын КРдагы элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нуран Ниязалиев Азербайжандын жаңы элчисин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Стамбулда Түрк мамлекеттер уюмунун 8-саммитинин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын аткарылышын, анын ичинде артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышын карап чыгышты.

Министрдин биринчи орун басары кыргыз-азербайжан мамилелеринин деңгээлин стратегиялык өнөктөштүккө чейин көтөрүүнүн жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-отурумун өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар тарыхый калыптанган кыргыз-азербайжан мамилелерин мындан ары да кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иштөөгө бекем ниеттерин билдиришти.

Bu makaleyi paylaş

Share on facebook
Share on google
Share on twitter
Share on linkedin
Share on pinterest
Share on print
Share on email